АССИМИЛЯЦИЯ (геологияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССИМИЛЯЦИЯ [assimilatio ‒ окшоштук, кейиптенүү] г е о л о г и я д а ‒ магма менен анын айлана-чөйрөсүндөгү тоо тектердин өз ара аракеттенишүү (эрүү, эритүү, сиӊирүү жана башка) процесси. Магма жогору көтөрүлгөндө, жанаша жаткан тоо тектерди жана магмага түшкөн алардын бөлүкчөлөрүн бүт же жарым-жартылай эритип, өзүнүн курамын, дагы ушул сыяктуу касиеттерин өзгөртөт. Ошондой эле жанаша жаткан тоо тектер өзгөрүүлөргө учурап, алардан жаӊы тек келип чыгат. Кээде тоо тектин кесек бөлүкчөлөрү магма менен аралашып, ксенолитти (чоочун ташты) пайда кылат.