АСМАН ЭКВАТОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:32, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСМАН ЭКВАТОРУ ‒ асман сферасынын бардык чекиттери дүйнө уюлдарынан 90° алыс турган чоӊ тегереги. Асман экваторунун дүйнө огуна перпендикуляр болгон тегиздиги Жер экваторунун тегиздигине жарыш жана горизонттун тегиздигине 90° бурч менен жантайган, мында j ошол жердин кеӊдиги. Асман экватору асман сферасын түндук жана түштук Жарым шарга бөлөт. Асман экваторун математикалык горизонт чыгыш жана батыш чекиттеринде кесип өтөт.