АСМАН ЭКВАТОРУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АСМАН ЭКВАТОРУ ‒ асман сферасынын бардык чекиттери дүйнө уюлдарынан 90° алыс турган чоӊ тегереги. Асман экваторунун дүйнө огуна перпендикуляр болгон тегиздиги Жер экваторунун тегиздигине жарыш жана горизонттун тегиздигине 90° φ бурч менен жантайган, мында φ ошол жердин кеӊдиги. Асман экватору асман сферасын түндук жана түштүк жарым шарга бөлөт. Асман экваторун математикалык горизонт чыгыш жана батыш чекиттеринде кесип өтөт.