АСКЕР ПРОКУРАТУРАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР ПРОКУРАТУРАСЫ-- Кыргыз Pecпубликасынын аскер кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын туура жана так аткарылышын көзөмөлдөөчү мамл. атайын юридикалык орган. КРдин А. п. республиканын аймагында жайгашкан аскер башкармалыгынын органдары, аскер бөлүктөрү, бирикмелери, аскердик окуу жайлары, мекемелери ж. б. аскер түзүлүштөрү тарабынан мыйзам актыларынын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. А. п. кылмыш ишин иликтөөнү ишке ашырат жана ишти соттук териштирүүгө катышат. А. п-нын ишмердүүлүгүнө КРдин Аскер прокурору аркылуу КРдин Башкы прокурору жетекчилик кылат.