АСКЕР ПРОКУРАТУРАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР ПРОКУРАТУРАСЫ Кыргыз Pecпубликасынын аскер кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын туура жана так аткарылышын көзөмөлдөөчү мамлекеттик атайын юридикалык орган. КРдин Аскер прокуратурасы республиканын аймагында жайгашкан аскер башкармалыгынын органдары, аскер бөлүктөрү, бирикмелери, аскердик окуу жайлары, мекемелери жана башка аскер түзүлүштөрү тарабынан мыйзам актыларынын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Аскер прокуратурасы кылмыш ишин иликтөөнү ишке ашырат жана ишти соттук териштирүүгө катышат. Аскер прокуратурасынын ишмердүүлүгүнө КРдин Аскер прокурору аркылуу КРдин Башкы прокурору жетекчилик кылат.