АСКЕР ПРОКУРАТУРАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР ПРОКУРАТУРАСЫ-- Кыргыз Pecпубликасынын аскер кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын туура ж-а так аткарылышын көзөмөлдөөчү мамл. атайын юридикалык орган. КРдин А. п. республиканын аймагында жайгашкан аскер башкармалыгынын органдары, аскер бөлүктөрү, бирикмелери, аскердик окуу жайлары, мекемелери ж. б. аскер түзүлүштөрү тарабынан мыйзам актыларынын так ж-а бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. А. п. кылмыш ишин иликтөөнү ишке ашырат ж-а ишти соттук териштирүүгө катышат. А. п-нын ишмердүүлүгүнө КРдин Аскер прокурору аркылуу КРдин Башкы прокурору жетекчилик кылат.