АСКЕР ПАРАДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(лат. раго – даярдап жатамын, даярдоодомун) – мамлекеттик ж-а аскердик маанилүү окуялардын, расмий мааракелердин урматына согуштук техниканын коштоосунда аскерлердин салтанаттуу өтүүсү. Эң ири А. п-нын бири 1945-ж. 24-июнда Москвадагы Кызыл Аянтта фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин урматына өткөрүлгөн Жеңиш парады болгон. КРде мамл. маанидеги иш-чараларды белгилөөдө өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катышуусундагы А. п. өткөрүлүп турат. 2006-жылдын 24-мартында Бишкек ш-нда борб. Ала-Too аянтында элдик революциянын жыл-

Файл:АСКЕР ПАРАДЫ 99.png
Ала-Too аянтындагы аскер парадынан көрүнүш.


дыгынын урматына салтанаттуу А. п. өткөрүлдү.