АСКЕР ПАРАДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР ПАРАДЫ (латынча раго – даярдап жатамын, даярдоодомун) – мамлекеттик жана аскердик маанилүү окуялардын, расмий мааракелердин урматына согуштук техниканын коштоосунда аскерлердин салтанаттуу өтүүсү. Эң ири аскер парадынын бири 1945-жылы 24-июнда Москвадагы Кызыл Аянтта фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин урматына өткөрүлгөн Жеңиш парады болгон. Кыргыз Республикасында мамлекеттик маанидеги иш-чараларды белгилөөдө өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катышуусундагы Аскер парады өткөрүлүп турат. 2006-жылдын 24-мартында Бишкек шаарында борбордук Ала-Тоо аянтында элдик революциянын жылдыгынын урматына салтанаттуу Аскер парады өткөрүлдү.