АРХЕЙ ЗАМАНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 8 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХЕЙ ЗАМАНЫ– жер кыртышынын өнүгүү тарыхындагы эң байыркы доор (кембрийге чейинки мезгилдерде пайда болуп, өтө метаморфизмделген тоотектердин тобу). Гнейс, кварцит, кристаллдуу жана графиттүү сланецтерден турат. Терминди америкалык геолог Дж. Дана 1872-ж. киргизген. Mypда байыркы кристаллдуу тектери гана А. заманына кирсе, азыр метаморфизмделишине жараша 2500 млн жылдан мурун пайда болгон тоо тектер бүт камтылат. Кыргызстанда Ак-Түздө, Сары-Жаз кырка тоолорунда жолугат. А. заманындагы тоо тектерде кобальт, никель, хром кендери кездешет.