АРХЕЙ ЗАМАНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХЕЙ ЗАМАНЫ – жер кыртышынын өнүгүү тарыхындагы эң байыркы доор (кембрийге чейинки мезгилдерде пайда болуп, өтө метаморфизмделген тоо тектердин тобу). Гнейс, кварцит, кристаллдуу жана графиттүү сланецтерден турат. Терминди америкалык геолог Дж. Дана 1872-жылы киргизген. Mypда байыркы кристаллдуу тектери гана Архей заманына кирсе, азыр метаморфизмделишине жараша 2500 млн жылдан мурун пайда болгон тоо тектер бүт камтылат. Кыргызстанда Ак-Түздө, Сары-Жаз кырка тоолорунда жолугат. Архей заманындагы тоо тектерде кобальт, никель, хром кендери кездешет.