АРПАДДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, Арпадовичтер – венгр княздарынын (889–1000), кийинчерээк королдорунун (1001–1301) династиясы. Арпад негиздеген (889–907) А. династиясы Венгрияда феодалдык мамилелер калыптанган учурда ж-а 13- к-дын орто ченинен башталган феодалдык бытырандылык мезгилинде бийлик жүргүзгөн. А-дан 5 князь ж-а 20 король чыккан. Алардын белгилүүлөрү: Иштван I (Ыйык), Ласло I (1060– 63), Бела IV (1235–70).