АРПАДДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРПАДДАР, Арпадовичтер – венгр княздарынын (889–1000), кийинчерээк королдорунун (1001–1301) династиясы. Арпад негиздеген (889–907) Арпаддар династиясы Венгрияда феодалдык мамилелер калыптанган учурда жана 13- кылымдын орто ченинен башталган феодалдык бытырандылык мезгилинде бийлик жүргүзгөн. Ападдардан 5 князь жана 20 король чыккан. Алардын белгилүүлөрү: Иштван I (Ыйык), Ласло I (1060–1063), Бела IV (1235–1270).