АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР
АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР– б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы – б. з. 1-миң жылдыктын башына таандык археологиялык эстелик. Араван суусунун оң өйүзүндөгү бийик эмес асканын түндүк батыш бетинде аркардын, тоо эчкилердин, адамдардын жана жылкылардын сүрөттөрү кездешет. Сүрөттөр кылдат чегилип, аткарылышы жагынан сактардын сүрөт өнөрүнө тектеш. Алардын арасында тартылган жылкынын турпаттары А. Н. Бернштамдын пикири боюнча даван аргымактарына окшоштурулат.
Ч. М. Жолдошов.