АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР– биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын аягы – биздин заманга 1-миң жылдыктын башына таандык археологиялык эстелик. Араван суусунун оң өйүзүндөгү бийик эмес асканын түндүк батыш бетинде аркардын, тоо эчкилердин, адамдардын жана жылкылардын сүрөттөрү кездешет. Сүрөттөр кылдат чегилип, аткарылышы жагынан сактардын сүрөт өнөрүнө тектеш. Алардын арасында тартылган жылкынын турпаттары А. Н. Бернштамдын пикири боюнча даван аргымактарына окшоштурулат.
Ч. М. Жолдошов.

Файл:АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР 31.png