АПЫРТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:08, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЫРТАН – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Масы айыл аймагына караштуу.

Райондун борбору Масы кыштагынан 3 км түндүк-батыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 48 км аралыкта. Деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте. Калкы 1870 (2009); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет.