АПЫРТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЫРТАН – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Масы айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Масы кыштагынан 3 км түндүк-батыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 48 км аралыкта. Деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте. Калкы 2 168 (2022); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет.