АПЕРТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЕРТУРА (лат. apertus – ачык) – 1) оптикада – оптикалык системанын линза, күзгү жана диафрагмалардын өлчөмдөрү менен аныкталуучу жарык өтүүчү көзөнөгү. Бурчтук Апертура – системага кирген конустук жарык тобунун четки шоолаларынын ортосундагы а бурчу. Апертура сан жагынан A=n-sin(a/2), мында n-чөйрөнүн сынуу көрсөткүчү. Сүрөттөлүштүн жарыктанышы Апертуранын сандык маанисинин квадратына түз пропорциялаш. Оптикалык системанын ажыратуу жөндөмдүүлүгү да Апертурага пропорциялаш. 2) Антенналуу техникада – татаал антенналардын беттеринин нурланууну чагылдыргычы же кабылдагычы.