АПЕРТУРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АПЕРТУРА (лат. apertus – ачык) – 1) о п т и к а д а – оптикалык системанын линза, күзгү жана диафрагмалардын өлчөмдөрү менен аныкталуучу жарык өтүүчү көзөнөгү. Бурчтук Апертура – системага кирген конустук жарык тобунун четки шоолаларынын ортосундагы α бурчу. Апертура сан жагынан A=n-sin(a/2), мында n-чөйрөнүн сынуу көрсөткүчү. Сүрөттөлүштүн жарыктанышы Апертуранын сандык маанисинин квадратына түз пропорциялаш. Оптикалык системанын ажыратуу жөндөмдүүлүгү да Апертурага пропорциялаш. 2) А н т е н н а л у у т е х н и к а д а – татаал антенналардын беттеринин нурланууну чагылдыргычы же кабылдагычы.