АПЕРТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:07, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЕРТУРА (лат. apertus – ачык) – 1) оптикада – оптикалык системанын линза, күзгү ж-а диафрагмалардын өлчөмдөрү м-н аныкталуучу жарык өтүүчү көзөнөгү. Бурчтук А. – системага кирген конустук жарык тобунун четки шоолаларынын ортосундагы а бурчу. А. сан жагынан A=n-sin(a/2), мында n-чөйрөнүн сынуу көрсөткүчү. Сүрөттөлүштүн жарыктанышы А-нын сандык маанисинин квадратына түз пропорциялаш. Оптикалык системанын ажыратуу жөндөмдүүлүгү да А-га пропорциялаш. 2) Антенналуу техникада – татаал антенналардын беттеринин нурланууну чагылдыргычы же кабылдагычы..