АНТРАНИЛ КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:14, 11 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРАНИЛ КИСЛОТАСЫ, аминбензой кислотасы, H2N-C6H4-COOH – органикалык бирикме. Түссүз кристалл, молекулалык салмагы 137,13, б. эрүү t 144-145°С; жегичтерде жанa минералдык кислоталарда жакшы эрийт; диссоцация константасы Кт =1,07-10 = (25°С). Антранил кислотасы фталамидцин жегич эритмесине натрий гипобромитинди же гипохлоритинди таасир кылуудан алынат. Уксус кислотасынын эритмелеринде Cd, Со, Си, Ni, Zn, Mo, Pb, Hg менен начар эрүүчү комплекстүү бирикмелерди пайда кылат. Антранил кислотасынын бирикмелери боёгуч заттарды жанa синтездик жыпар жыттуу заттарды өндүрүүдө колдонулат.