АНТРАНИЛ КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРАНИЛ КИСЛОТАСЫ, а м и н б е н з о й к и с л о т а с ы, H2N-C6H4-COOH – органикалык бирикме. Түссүз кристалл, молекулалык салмагы 137,13, б. эрүү t 144-145°С; жегичтерде жанa минералдык кислоталарда жакшы эрийт; диссоцация константасы Кк-та =1,07-10 = (25°С). Антранил кислотасы фталамиддин жегич эритмесине натрий гипобромитинди же гипохлоритинди таасир кылуудан алынат. Уксус кислотасынын эритмелеринде Cd, Со, Си, Ni, Zn,Mo, Pb, Hg менен начар эрүүчү комплекстүү бирикмелерди пайда кылат. Антранил кислотасынын бирикмелери боёгуч заттарды жанa синтездик жыпар жыттуу заттарды өндүрүүдө колдонулат.