АНТИЦИКЛОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИЦИКЛОН – атмосферанын жогорку басымдуу аймагы; борборунда басым жогору (1070 мбга чейин) болуп, чет жакасына карай азая баштайт. Туурасы 2–3 миң кмдей. Антициклонго Түндүк жарым шарда саат жебеси боюнча, Түштүк жарым шарда ага карама-каршы согуучу атмосфералык куюн, шамал, сейрек булуттуу, кургак аба ырайы мүнөздүү.