АНТИЦИКЛОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АНТИЦИКЛОН – атмосферанын жогорку басымдуу аймагы; борборунда басым жогору (1070 мбга чейин) болуп, чет жакасына карай азая баштайт. Туурасы 2–3 миң кмдей. Антициклонго Түндүк жарым шарда саат жебеси боюнча, Түштүк жарым шарда ага карама-каршы согуучу атмосфералык куюн, шамал, сейрек булуттуу, кургак аба ырайы мүнөздүү.