АНТИЦИКЛОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИЦИКЛОН – атмосферанын жогорку басымдуу аймагы; борборунда басым жогору (1070 мбтка чейин) болуп, чет жакасына карай азая баштайт. Туурасы 2–3 миң кмдей. Антициклонго Түндүк жарым шарда саат жебеси боюнча, Түштүк жарым шарда ага карама-каршы согуучу атмосфералык куюн, шамал, сейрек булуттуу, кургак аба ырайы мүнөздүү.