АННЕКСИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:36, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АННЕКСИЯ (лат., annexio – бириктирүү, кошуп алуу) – агрессиянын бир түрү, башка бир мамлекеттин аймагын же анын бир бөлүгүн күч колдонуу м-н бириктирүү (басып алуу). Учурдагы эл аралык укуктун нормаларына ылайык, А. мыйзамсыз болуп саналат. БУУнун Уставында кайсы гана мамлекет болбосун, анын аймактык бүтүндүгүнө ж-а саясий көз каранды эместигине күч колдонуу м-н кийлигишүүсүнө тыюу салынган.