АННЕКСИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АННЕКСИЯ (лат., annexio – бириктирүү, кошуп алуу) – агрессиянын бир түрү, башка бир мамлекеттин аймагын же анын бир бөлүгүн күч колдонуу менен бириктирүү (басып алуу). Учурдагы эл аралык укуктун нормаларына ылайык, аннексия мыйзамсыз болуп саналат. БУУнун Уставында кайсы гана мамлекет болбосун, анын аймактык бүтүндүгүнө жана саясий көз каранды эместигине күч колдонуу менен кийлигишүүсүнө тыюу салынган.