АННЕКСИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 7 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(лат., annexio – бириктирүү, кошуп алуу) – агрессиянын бир түрү, башка бир мамлекеттин аймагын же анын бир бөлүгүн күч колдонуу м-н бириктирүү (басып алуу). Учурдагы эл аралык укуктун нормаларына ылайык, А. мыйзамсыз болуп саналат. БУУнун Уставында кайсы гана мамлекет болбосун, анын аймактык бүтүндүгүнө ж-а саясий көз каранды эместигине күч колдонуу м-н кийлигишүүсүнө тыюу салынган.