АМИР-ТЕМИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– мустье доорунда адамдар жашаган өтө терең үңкүр. Ал Өзбекстандын

түштүгүндө, Турган-Дарыянын боюнда жайгашкан. Мында негизинен аңчылар убактылуу жашаган. 1–1,5 м тереңдикте очок ж-а таштан жасалган эмгек куралдары, тоо текенин сөөктөрү табылган. А.-Т. үңкүрүнүн жогорку катмары неолит мезгилине мүнөздүү.