АМИР-ТЕМИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМИР-ТЕМИР – мустье доорунда адамдар жашаган өтө терең үңкүр. Ал Өзбекстандын түштүгүндө, Турган-Дарыянын боюнда жайгашкан. Мында негизинен аңчылар убактылуу жашаган. 1–1,5 м тереңдикте очок жана таштан жасалган эмгек куралдары, тоо текенин сөөктөрү табылган. Амир-Темир үңкүрүнүн жогорку катмары неолит мезгилине мүнөздүү.