АЛАП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАП, д а р ы я а л а б ы ‒ жер бетинин бир дарыя тармагын камтыган, башка дарыя тармактарынан суу бөлгүчтөр менен бөлүнүп турган бөлүгү. Дүйнөдөгү эӊ ири алап ‒ Амазонка дарыясынын алабы (аянты 7,2 млн км2), Кыргызстандагы эӊ ири алап ‒ Нарын дарыясынын алабы (58,4 миӊ км2). Океан, деӊиз, көлдөргө куйган дарыялардын алаптары да океан алабы, деӊиз алабы, көл алабы деп аталат. Ысык-Көлдүн алабына Тескей Ала-Тоо менен Күнгөй Ала-Тоонун кырлары менен чектелген аймак кирет.