АКРОПОЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(гр. akropolis ‒ бийиктеги шаар) ‒ байыркы гректердин атайын бийик жерге салган, чептей бекем коргонуучу жайы. Аны курчай шаар чиркөөлөрү ж. б. коомдук курулуштар жайланышкан. А. жеринин бийиктиги, дубалынын калыӊдыгы ж-а бекемдиги м-н айыр 
Файл:АКРОПОЛЬ1.png
Афины ‒ Акрополу

маланып, согуш мезгилинде шаар калкынын душмандардан коргонуучу, о. эле кудайга сыйынуучу касиеттүү жайы болгон. Бүгүнкү күндө Афины, Парфенон, Эрехтейон, Ники-Аптерос сыяктуу ш-лардагы А-дор дүйнө жүзүнө белгилүү.