АКРОПОЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКРОПОЛЬ (грекче akropolis ‒ бийиктеги шаар) ‒ байыркы гректердин атайын бийик жерге салган, чептей бекем коргонуучу жайы. Аны курчай шаар чиркөөлөрү жана башка коомдук курулуштар жайланышкан. Акрополь жеринин бийиктиги, дубалынын калыӊдыгы жана бекемдиги менен айырмаланып, согуш мезгилинде шаар калкынын душмандардан коргонуучу, ошондой эле кудайга сыйынуучу касиеттүү жайы болгон.

Файл:АКРОПОЛЬ1.png
Афины ‒ Акрополу

Бүгүнкү күндө Афины, Парфенон, Эрехтейон, Ники-Аптерос сыяктуу шаарлардагы Акрополдор дүйнө жүзүнө белгилүү.