АЙЫЛ-КЫШТАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 22 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛ-КЫШТАК – элет жеринде эл отурук­ташкан жай. Калкы негизинен дыйканчылык­та ж‑a мал чарбасында кесиптенет. Шаар, шаарчаларга караганда калкынын саны, чарба­лык жанa маданий мекемелери аз, чакан болот. Айыл аймагына карайт. 1970‑ж. дүйнө жүзүндө 12–20 млндой, Кыргызстанда 2000‑ж. 1801 кыштак болгон.