АЙЫЛ-КЫШТАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АЙЫЛ-КЫШТАК – элет жеринде эл отурукташкан жай. Калкы негизинен дыйканчылыкта жанa мал чарбасында кесиптенет. Шаар, шаарчаларга караганда калкынын саны, чарбалык жанa маданий мекемелери аз, чакан болот. Айыл аймагына карайт. 1970‑жылы дүйнө жүзүндө 12–20 млндой, Кыргызстанда 2000‑жылы 1801 кыштак болгон.