АЙЫЛ-КЫШТАК
АЙЫЛ-КЫШТАК – элет жеринде эл отурукташкан жай. Калкы негизинен дыйканчылыкта ж‑a мал чарбасында кесиптенет. Шаар, шаарчаларга караганда калкынын саны, чарбалык ж‑a маданий мекемелери аз, чакан болот. Айыл аймагына карайт. 1970‑ж. дүйнө жүзүндө 12–20 млндой, Кырг‑нда 2000‑ж. 1801 кыштак болгон.