АЙ АВТОМАТТЫК СТАНЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:05, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙ АВТОМАТТЫК СТАНЦИЯСЫ -Айды изил­дөөгө арналган космостук аппарат. Аны менен Айдын кыртышы, андагы физ. шарттар изил­денет жана ар түрдүү ил. аппараттар, Айдын сүрөтүн жана байкоонун натыйжаларын Жер­ге берип туруучу радиотелеметрдик, теле­көрсөтүүчү системалар менен жабдылган. Станция­нын түзүлүшү, анда орнотулган аппаратуралар Айда иштөөнүн өзгөчө шарттарына ылайык­талат. «Луна‑9» планета аралык автоматтык станциясы дүйнөдө биринчи болуп 1966‑ж. 3-­февралда Айга кондурулган. Кийин «Луна‑13» (21. 12. 1966), «Луна‑16» (12. 9. 1970), «Лу­на‑17» (17.11.1970), «Луноход‑1» жана амер. «Сер­вейер‑1», «Сервейер‑7» планета аралык автоматтык станциялары ийгиликтүү учурулган.