АЙ АВТОМАТТЫК СТАНЦИЯСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АЙ АВТОМАТТЫК СТАНЦИЯСЫ - Айды изилдөөгө арналган космостук аппарат. Аны менен Айдын кыртышы, андагы физикалык шарттар изилденет жана ар түрдүү илимий аппараттар, Айдын сүрөтүн жана байкоонун натыйжаларын Жерге берип туруучу радиотелеметрдик, телекөрсөтүүчү системалар менен жабдылган. Станциянын түзүлүшү, анда орнотулган аппаратуралар Айда иштөөнүн өзгөчө шарттарына ылайыкталат. «Луна‑9» планета аралык автоматтык станциясы дүйнөдө биринчи болуп 1966‑жылы 3-февралда Айга кондурулган. Кийин «Луна‑13» (21. 12. 1966), «Луна‑16» (12. 9. 1970), «Луна‑17» (17.11.1970), «Луноход‑1» жана америкалык «Сервейер‑1», «Сервейер‑7» планета аралык автоматтык станциялары ийгиликтүү учурулган.