АЙ АВТОМАТТЫК СТАНЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:44, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЙ АВТОМАТТЫК СТАНЦИЯСЫ -Айды изил­дөөгө арналган космостук аппарат. Аны м‑н Айдын кыртышы, андагы физ. шарттар изил­денет ж‑а ар түрдүү ил. аппараттар, Айдын сүрөтүн ж‑а байкоонун натыйжаларын Жер­ге берип туруучу радиотелеметрдик, теле­көрсөтүүчү системалар м‑н жабдылган. Станция ­нын түзүлүшү, анда орнотулган аппаратуралар Айда иштөөнүн өзгөчө шарттарына ылайык­талат. «Луна‑9» планета аралык автоматтык станциясы дүйнөдө биринчи болуп 1966‑ж. 3­февралда Айга кондурулган. Кийин «Луна‑13» (21. 12. 1966), «Луна‑16» (12. 9. 1970), «Лу­на‑17» (17.11.1970), «Луноход‑1» ж‑а амер. «Сер­вейер‑1», «Сервейер‑7» планета аралык автомат тык станциялары ийгиликтүү учурулган.