АБСОЛЮТТУК НӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 27 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК НӨЛ т е м п е м р а т у р а н ы н - термод. температура шкаласы боюнча абссолюттук температураны эсептөөнүн башталышы. Системанын температурасы Абсолюттук нөлгө жакындаса, анда системанын энтропиясы, жылуулук сыйымдуулугу, жылуулуктан кеңейүү коэффциенти нөлгө умтулат. Молекулалар жана атомдор толук тынч абалда болбостон, кристаллдык торчонун түйүндөрүндө «нөлдүк» термелүү жасап, эң кичине энергияга ээ болот.