АБСОЛЮТТУК НӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК НӨЛ т е м п е р а т у р а н ы н – термодинамикалык температура шкаласы боюнча абссолюттук температураны эсептөөнүн башталышы. Системанын температурасы абсолюттук нөлгө жакындаса, анда системанын энтропиясы, жылуулук сыйымдуулугу, жылуулуктан кеңейүү коэффициенти нөлгө умтулат. Молекулалар жана атомдор толук тынч абалда болбостон, кристаллдык торчонун түйүндөрүндө «нөлдүк» термелүү жасап, эң кичине энергияга ээ болот.