АБДИЕВА Адиля Ильясбековна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:02, 30 Июнь (Кулжа) 2023 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДИЕВА Адиля Ильясбековна (1976-ж. т., Ысык-Көл обл., Каракол ш.) – экономика илимдеринин доктору (2011). 1998-жылы КМ УСТАнын “Эл аралык экономикалык мамилелер” факультетин бүтүргөн. 1998-жылдан КР УИАнын Экон. изилдөө борборунда ил. кызматкер, Ж. Баласагун атн. КУУнун” Менежмент жана бизнес борборунда” доцент, КР АУПта “Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер” кафедрасынын башчысы, Ж. Баласагун атн. КУУнун экономика факультетинде декандын орун басары болуп иштеген. 45 ил. эмгек, 1 монография, 1 окуу куралынын автору.