АБДИЕВА Адиля Ильясбековна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДИЕВА Адиля Ильясбековна (1976-жылы туулган, Ысык-Көл облусу , Каракол шаары) – экономика илимдеринин доктору (2011). 1998-жылы КМУСТАнын “Эл аралык экономикалык мамилелер” факультетин бүтүргөн. 1998-жылдан КР УИАнын Экономикалык изилдөө борборунда илимий кызматкер, Ж. Баласагын атындагы КУУнун "Менежмент жана бизнес борборунда" доцент, КР АУПта "Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер" кафедрасынын башчысы, Ж. Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетинде декандын орун басары болуп иштеген. 45 илимий эмгек, 1 монография, 1 окуу куралынын автору.