ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо, Жумгал өрөөнүнүн түндүк жагында. Кызарттын белинен Көкөмерен капчыгайына чейин чыгыш­тан батышка карай 100 кмге созулат. Орточо би­йиктиги 3830 м, эң бийик жери – 4121 м (Кара- Мойнок чокусу). Тескей Ала-Тоонун (Үкөк, Ка­рагатты, Кызарт тоолору) батыш уландысы. Жумгал кырка тоосу өз ара жарыш жана ача сымал таралган бир нече кырка тоодон турат. Чыгыш бөлүгүндө Сандык, Кара-Мойнок тоолору кууш Чыгыш Сөөк өрөөнү менен бөлүнөт. Батыш бөлүгү түндүк-чыгыштан түштүк-батышка созулган үч кырка тоого (Киндик, Жумгал, Ой-Кайың) ажырайт. Тоонун геологиялык түзүлүшү өтө татаал, батыш бөлүгү гранит-диорит интрузиясынан жана жогорку про­терозойдун калыңдыгы 500–3000 м болгон фил­лит, кумдук, алевролит тектеринен турат. Ор­тоңку бөлүгү негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диоритинен, чыгыш бөлүгү ордо­виктин калыңдыгы 1000–4600 мге чейинки кум­дук, туф, порфирит, акиташ теги, конгломерат ж. б. чөкмө тектеринен түзүлгөн. Тоо аралык ойдуңдарда неоген жана төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектери жатат. Кырка тоонун чыгыш учундагы нефелиндүү сиенит массивдери менен алюминий кени байланыштуу (к. Сандык кени). Жумгал кырка тоосу чыгыштан батышты карай бийиктейт. Тоолордун капталдары бирдей эмес: Жумгал, Ой-Кайың тоолорунун тескей беттери тик жана кыс­ка, күнгөй жагы жазы жана жантайыңкы. Кин­дик, Кара-Мойнок, Сандык тоолорунуку, теске­рисинче, айдөөш. Тоодон Батыш жана Чыгыш Каракол суулары башталат. Кара-Мойнок, Ой- Кайың тоолорунда майда мөңгүлөр бар (жалпы аянты 7,3 км2). Климаттык шарты бийиктикке карай өзгөрөт; жалпысынан кескин континент­тик; абанын орточо температурасы январда –11,9°С, июлда 12,5°С; жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуу­лук боюнча алмашат. Тоо этектеринде, айрыкча күнгөй беттеринде 2200–2300 мге чейин талаа (бетеге, шыбак); 2200–2800 мде шалбаалуу та­лаа (бетеге, дүйүм чөптөр), бир аз жери токой; 2800–3300 мде альп шалбаасы, шалбаалуу та­лаа; 3300 мден жогору шагыл таштуу, аска-зоо­калуу субнивалдык, нивалдык-гляциалдык ал­как жатат. Жайыт.