ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ
ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо, Жумгал өрөөнүнүн түндүк жагында. Кызарттын белинен Көкөмерен капчыгайына чейин чыгыштан батышка карай 100 кмге созулат. Орточо бийиктиги 3830 м, эң бийик жери – 4121 м (Кара- Мойнок чокусу). Тескей Ала-Тоонун (Үкөк, Карагатты, Кызарт тоолору) батыш уландысы. Жумгал кырка тоосу өз ара жарыш жана ача сымал таралган бир нече кырка тоодон турат. Чыгыш бөлүгүндө Сандык, Кара-Мойнок тоолору кууш Чыгыш Сөөк өрөөнү менен бөлүнөт. Батыш бөлүгү түндүк-чыгыштан түштүк-батышка созулган үч кырка тоого (Киндик, Жумгал, Ой-Кайың) ажырайт. Тоонун геологиялык түзүлүшү өтө татаал, батыш бөлүгү гранит-диорит интрузиясынан жана жогорку протерозойдун калыңдыгы 500–3000 м болгон филлит, кумдук, алевролит тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диоритинен, чыгыш бөлүгү ордовиктин калыңдыгы 1000–4600 мге чейинки кумдук, туф, порфирит, акиташ теги, конгломерат ж. б. чөкмө тектеринен түзүлгөн. Тоо аралык ойдуңдарда неоген жана төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектери жатат. Кырка тоонун чыгыш учундагы нефелиндүү сиенит массивдери менен алюминий кени байланыштуу (к. Сандык кени). Жумгал кырка тоосу чыгыштан батышты карай бийиктейт. Тоолордун капталдары бирдей эмес: Жумгал, Ой-Кайың тоолорунун тескей беттери тик жана кыска, күнгөй жагы жазы жана жантайыңкы. Киндик, Кара-Мойнок, Сандык тоолорунуку, тескерисинче, айдөөш. Тоодон Батыш жана Чыгыш Каракол суулары башталат. Кара-Мойнок, Ой- Кайың тоолорунда майда мөңгүлөр бар (жалпы аянты 7,3 км2). Климаттык шарты бийиктикке карай өзгөрөт; жалпысынан кескин континенттик; абанын орточо температурасы январда –11,9°С, июлда 12,5°С; жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуулук боюнча алмашат. Тоо этектеринде, айрыкча күнгөй беттеринде 2200–2300 мге чейин талаа (бетеге, шыбак); 2200–2800 мде шалбаалуу талаа (бетеге, дүйүм чөптөр), бир аз жери токой; 2800–3300 мде альп шалбаасы, шалбаалуу талаа; 3300 мден жогору шагыл таштуу, аска-зоокалуу субнивалдык, нивалдык-гляциалдык алкак жатат. Жайыт.