ЖООН-АРЫК КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:38, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖООН-АРЫК КАПЧЫГАЙЫ – Ички Теңир-Тоо­догу антецеденттик капчыгай. Үкөк жана Баба- Ата тоолорун кесип, меридиан багытында 45 км­ге созулуп жатат. Кочкор районунун аймагын­да. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1900–2100 м, туурасы 200–300 м. Капталдары бийик (300–800 м), тик (45–65°). Капчыгай аркылуу Чүй дарыясынын башы – Жоон-Арык суусу агат. Капчыгай палеозойдун сланецтери менен кумдуктарынан түзүлгөн. Түндүгү кууш, зоокалуу, гранит теги жер бетине чыгып жатат, түштүгү кенен, таманы кашаттуу. Кээ бир жери – кууш шаңшаар. Капчыгайга бетеге, шыбактуу жарым чөл жана кургак талаа ланд­шафттары мүнөздүү. Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүн Нарын облусу менен байланыштыруучу автомобиль жолу өтөт. Ошол эле жолдун тарамдары Коч­кор өрөөнүн Кара-Кужур, Төлөк өрөөндөрү менен байланыштырат.