ЖООН-АРЫК КАПЧЫГАЙЫ
ЖООН-АРЫК КАПЧЫГАЙЫ – Ички Теңир-Тоодогу антецеденттик капчыгай. Үкөк жана Баба- Ата тоолорун кесип, меридиан багытында 45 кмге созулуп жатат. Кочкор районунун аймагында. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1900–2100 м, туурасы 200–300 м. Капталдары бийик (300–800 м), тик (45–65°). Капчыгай аркылуу Чүй дарыясынын башы – Жоон-Арык суусу агат. Капчыгай палеозойдун сланецтери менен кумдуктарынан түзүлгөн. Түндүгү кууш, зоокалуу, гранит теги жер бетине чыгып жатат, түштүгү кенен, таманы кашаттуу. Кээ бир жери – кууш шаңшаар. Капчыгайга бетеге, шыбактуу жарым чөл жана кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүн Нарын облусу менен байланыштыруучу автомобиль жолу өтөт. Ошол эле жолдун тарамдары Кочкор өрөөнүн Кара-Кужур, Төлөк өрөөндөрү менен байланыштырат.