ЖОКЬЯКАРТА
ЖОКЬЯКА́РТА (Yogуakarta, Jogjakarta, Djokjakarta) – Индонезиядагы шаар. Ява аралында, Мерапи жанартоосунун (бийиктиги 2911 м) түштүк тарабында, Инди океанынын жээгинен 35 км аралыкта жайгашкан. Өзгөчө администрациялык бирдик болуп бөлүнгөн. Калкы 404 миң (2014, шаар агломерациясында 2,4 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн башка шаарлары менен темир жол аркылуу байланышат. Шаар 1755-жылы негизделген. 1946–49-жылдарда Индонезиянын убактылуу борбору. Шаар бир нече жолу жер титирөөдөн (2006-жылы 27-майдагы жер титирөөдө 6 миңге жакын адам каза болгон) жана Мерапи жанартоосунун атылышынан жапа чеккен. Батик кездемесин чыгаруучу кустардык өндү-

рүшү, тамак-аш (кант, жемиш консервасы, май жана башка), тамеки, эмерек жасоочу өнөр жай ишканасы иштейт. Көркөм буюмдар жасалат. Университеттер (анын ичинде Гажа-Мада; 1949, мамлекеттик), Индонезия искусство институту, бейөкмөт жогорку окуу жайы (анын ичинде Индонезия Ислам университети; 1945), классикалык Ява бийи мектеби жана көлөкө театры (ваянг-кулит), Ислам жана региондук китепканалар, музейлер (Сонобудойо Индонезия искусствосунун, улуттук баатыр ханзаада Дипонегоронун), океанариум (акулалар үчүн дүйнөдөгү эң ири бассейн), Пасар-Нгасем канаттуулар базары жана башкалар бар. Шаардын чет-жакасындагы 8–10-кылымдын архитектура эстеликтери – дүйнөдөгү эң чоң будда храмы Боробудур, индуизм храм комплекси Прамбанан Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Ошондой эле Борбордук чиркөө, шаардын тарыхый борборунда султандын ак сарай ансамбли («кратон», 18-кылым), парк, Таман-Сари ак сарайынын калдыктары («Суу сепили», 1758; 2006-жылдан калыбына келтирилүүдө) сакталган. Жокьякарта – Ява аралынын башкы маданий жана туристтик борбору. Жыл сайын Индонезия музыкасынын жана бий искусствосунун фестивалдары өткөрүлүп турат.
Р. Карачалова.