ЖОКЬЯКАРТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОКЬЯКА́РТА (Yogуakarta, Jogjakarta, Djokjakarta) – Индонезиядагы шаар. Ява аралында, Мерапи жанартоосунун (бийиктиги 2911 м) түш­түк тарабында, Инди океанынын жээгинен 35 км аралыкта жайгашкан. Өзгөчө администрациялык бирдик бо­луп бөлүнгөн. Калкы 404 миң (2014, шаар агло­мерациясында 2,4 млн). Жолдор тоому. Эл ара­лык аэропорту бар. Өлкөнүн башка шаарлары менен темир жол аркылуу байланышат. Шаар 1755-жылы негизделген. 1946–49-жылдарда Индонезиянын убакты­луу борбору. Шаар бир нече жолу жер ти­тирөөдөн (2006-жылы 27-майдагы жер титирөөдө 6 миңге жакын адам каза болгон) жана Мерапи жанартоосунун атылышынан жапа чеккен. Батик кездемесин чыгаруучу кустардык өндү-

Султандын ак сарайы.

рүшү, тамак-аш (кант, жемиш консервасы, май жана башка), тамеки, эмерек жасоочу өнөр жай ишканасы иштейт. Көркөм буюмдар жасалат. Университеттер (анын ичинде Гажа-Мада; 1949, мамлекеттик), Индонезия иск­усство институту, бейөкмөт жогорку окуу жайы (анын ичинде Индонезия Ис­лам университети; 1945), классикалык Ява бийи мекте­би жана көлөкө театры (ваянг-кулит), Ислам жана региондук китепканалар, музейлер (Сонобу­дойо Индонезия искусствосунун, улуттук баатыр ханзаада Дипонегоронун), океанариум (акула­лар үчүн дүйнөдөгү эң ири бассейн), Пасар-Нга­сем канаттуулар базары жана башкалар бар. Шаардын чет-жакасындагы 8–10-кылымдын архитектура эстелик­тери – дүйнөдөгү эң чоң будда храмы Боробу­дур, индуизм храм комплекси Прамбанан Бүт­күл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизил­ген. Ошондой эле Борбордук чиркөө, шаардын тары­хый борборунда султандын ак сарай ансамб­ли («кратон», 18-кылым), парк, Таман-Сари ак са­райынын калдыктары («Суу сепили», 1758; 2006-жылдан калыбына келтирилүүдө) сак­талган. Жокьякарта – Ява аралынын башкы маданий жана туристтик борбору. Жыл сайын Индонезия му­зыкасынын жана бий искусствосунун фестивал­дары өткөрүлүп турат.

Р. Карачалова.