КОНЪЮГАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:33, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЪЮГА́ЦИЯ (лат. conjugatio – биригүү) – 1) б а л ы р л а р д а – эки окшош вегетатив клеткалардын ичиндегилердин кошулушу м-н жүрүүчү жыныс процессинин бир түрү; 2) и н ф у з о р и я л а р д а – эки особдун убактылуу кошулушу ж-а ядро бөлүктөрү м-н бир аз ци­топлазмасынын алмашуусу аркылуу жүрүүчү жыныс процесси; 3) х р о м о с о м а коньюгациясы – мейоз учурунда жуп гомологиялык хромосомалардын жакындап, бири бирине убактылуу кыналуусу, биригүүсү. Андан кийин хромосомалар кайчы­лашып, бирдей бөлүктөрүнүн (гендердин) алмашуусу – кроссинговер жүрөт; 4) бактерияларда тукум куума материалдардын алмашуусу, башкача айтканда генетикалык материалды бир бактериядан экинчи бак­терияга өткөрүү жолу. Коньюгация бактериялардын тукум куума материалдарынын байышына, жаңыча куралышына (рекомбинацияланышына) шарт түзөт. Коньюгация – бактериялардын тукум куума өзгөргүчтүгүн жогорулатуучу процесс.