КОНЪЮГАЦИЯ
КОНЪЮГА́ЦИЯ (лат. conjugatio – биригүү) – 1) б а л ы р л а р д а – эки окшош вегетатив клеткалардын ичиндегилердин кошулушу м-н жүрүүчү жыныс процессинин бир түрү; 2) и н ф у з о р и я л а р д а – эки особдун убактылуу кошулушу ж-а ядро бөлүктөрү м-н бир аз цитоплазмасынын алмашуусу аркылуу жүрүүчү жыныс процесси; 3) х р о м о с о м а коньюгациясы – мейоз учурунда жуп гомологиялык хромосомалардын жакындап, бири бирине убактылуу кыналуусу, биригүүсү. Андан кийин хромосомалар кайчылашып, бирдей бөлүктөрүнүн (гендердин) алмашуусу – кроссинговер жүрөт; 4) бактерияларда тукум куума материалдардын алмашуусу, башкача айтканда генетикалык материалды бир бактериядан экинчи бактерияга өткөрүү жолу. Коньюгация бактериялардын тукум куума материалдарынын байышына, жаңыча куралышына (рекомбинацияланышына) шарт түзөт. Коньюгация – бактериялардын тукум куума өзгөргүчтүгүн жогорулатуучу процесс.